Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Ал эми Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, буларды билдирди.
"Келин тосмо арыз жазды. Бирок бул иш факты боюнча тергелип, учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Келин тосмо арыз жазгандыгынын себебин жолдошу менен элдешкенин, бири-бирин жакшы көрөрү менен түшүндүргөн. Мындан улам аны кечиргенин билдирген", - деди басма сөз кызматынан.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Учурда келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.