Кара-Кулжадагы орто мектептен өрт чыкты

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагындагы Тегерек-Саз айылында жайгашкан Эркинбаев атындагы мектептен өрт чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган айылдын тургундары билдиришти.

Өрт кечээ, 6-февралда болжол менен күндүзгү саат 12:30дарда чыккан. Анда мектептин мору күйүп кетип, өрт чыккан.

"Айылда өрт өчүрүү кызматы жок. Ошондуктан өрт чыкканда 8-класстан 11-класска чейинки окуучулар мугалимдерге жардам берип, мектептин майда-чүйдө эмеректерин ташышкан. Мордон чыгып жаткан жалынды алгач окуучулар байкаптыр. Буга чейин ал 2-3 күндөн бери түтөп жаткан экен", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Кара-Кулжадагы орто мектептен өрт чыкты
Кара-Кулжадагы орто мектептен өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
chake
2020-02-07 12:29:31
кышында өрт коопсуздугун сактоо керек өзгөчө электричество менен көмүр жаткандан келип чыгат тилсиз жоо
-1
Jaznura
2020-02-07 12:33:35
Тилсиз жоо кышында мештерди электр жылыткычтарды контролдоп туруш керек.
-1
Absamat-90
2020-02-07 12:43:11
Эн башкысы адамдар жабыркаган жок. Кырсык да айтып келбейт.
-1
bond02
2020-02-07 13:19:53
Жаны эле буткон мектеп окшойт. Сары Булак бул эски Калининби?
-1
Mister-X
2020-02-07 13:55:53
Калининдеги Сары Булак айылы экен.Кара Кочкор айыл окмотуно караштуу Сары Булактын мектеби мындай эмес.Кара Кулжада эки Сары Булак айылы бар. Ошону тактап жазсанар.
0
Эльвира Караева
2020-02-07 15:58:56
Mister-X, так эле жазылып турат. Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагындагы Тегерек-Саз айылындагы мектеп деп...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан