Төкмө акын Азамат Болгонбаев төрага болуп шайланды. Ал КТРКнын Байкоочу кеңешин жетектейт

Төкмө акын Азамат Болгонбаев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Акын буга чейин Байкоочу кеңештин мүчөсү болуп келген. Азамат Болгонбаев төраганы шайлоо кечээ, 6-февралда өткөнүн айтат.

"Жыйында бир нече маселелер, арасында Байкоочу кеңештин төрагасын дайындоо каралды. Байкоочу кеңештин төрагалык милдетин убактылуу аткарып жүргөн Нурия Айдабосуновага өзүмдүн талапкерлигимди сунуштагам. Ал сунушумду колдоп, жыйында талапкерлигимди көрсөттү. Башка талапкерлерди көрсөтүү боюнча дагы сунуштар берилди, бирок башкалар болгон жок. Жыйында кеңештин 14 мүчөсү жашыруун шайлоонун негизинде бир добуштан менин талапкерлигимди колдоп беришти", - дейт ал.

2019-жылдын ноябрь айында КТРКнын Байкоочу кеңешине төрага болуп, үчүнчү мөөнөткө шайланган Жыпар Жекшеев кызматынан өз ыктыяры менен кеткенин билдирген. Андан бери төраганы дайындоо иши жылдырылып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан