"Diamond Princess" круиздик лайнери: Сутка ичинде коронавируска кабылгандардын саны 60ка жетти

"Diamond Princess" круиздик лайнериндеги коронавируска кабылган жүргүнчүлөрдүн саны 60ка жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар Япониянын расмий маалыматына таянып жазып чыгышты.

Анда жазылгандай, бүгүндөн баштап Япония өкмөтү вирустан сактануу максатында чет элдик круиздик лайнерлерди киргизүүгө тыюу салды. Буга чейин япониялык "Diamond Princess" аттуу 3700 жүргүнчүсү бар круиздик лайнеринде 10 чакты коронавируска кабылгандар бар экендиги аныкталып, кеме Йокогаманын портуна токтотулганы айтылган. Бир сутка ичинде лайнердеги жүргүнчүлөрдүн арасында вуруска кабылгандардын саны 60ка жеткендиги айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндөгү маалыматтарга ылайык, Кытайда коронавирустан 638 адам көз жумса, 31 миңден ашуун адам жабыркаган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
aerforce
2020-02-07 15:14:13
Дурайын оңбогон кытай баарын жайлап кетти кыбыраган арамдын баарын жей берип канчалаган элди шордотуп жатат
+2
aslonur
2020-02-07 16:04:38
60га эмес 60ка деп жазылат
0
DanilAylin
2020-02-08 02:19:34
аябай тездик менен тарап жатат,Аллахым сактасын,дабасы табылып токтосо экен деги
+3
guard
2020-02-09 12:19:39
Кытайлар учкандан самолетту, жерде жургондон машинаны жебейт, калганынын баарын жейт дейт ко...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан