Орусияда Владимир Путин менен жолуккан дарыгердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Москва шаарындагы Коммунарка айыл аймагында жайгашкан №40 жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Денис Проценконун коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта башкы дарыгердин абалы канааттандырарлык экени, бирок ал ооруканада жатканы айтылат.

"Коммунаркадагы ооруканада башкы дарыгердин вирусту жуктуруп алганына байланыштуу кошумча чаралар жүргүзүлүп жатат. Белгилүү болгондой бул оорукана коронавирус менен жабыркаган бейтаптарды алгачкылардан болуп кабыл ала баштаган. Ал эми бул илдетке кабылган Денис Проценко 24-мартта Орусияда коронавирус боюнча кырдаал Италиянын сценарийи сымал өрчүшү мүмкүн экендигин айтып жаткан", - деп жазылат маалыматта.

Маалым болгондой, 24-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин аталган ооруканага барган. Анда ал бейтаптар анын ичинде башкы дарыгер Денис Проценко менен дагы жолуккан.

Буга байланыштуу Владимир Путиндин маалымат катчысы Орусиянын президенти коронавируска карата ар дайым тест тапшырып турарын жана учурда анын саламаттыгы жакшы экенин билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nurali1989
2020-03-31 23:51:16
Владимир Путин аман болсун, Кыргыздардын пешенесине. Коп жардамы тийип жатат
+20
Alia82
2020-04-01 09:59:29
nurali1989,туура, Кудай сактасын
+1
Porol86
2020-03-31 23:57:01
Кудай сактасын,Путинди!
+21
Asman779
2020-04-01 00:03:06
Кудай сактап вирусу жукпаса экен, башкасы жетишпей атканда.
+15
Samatalibei
2020-04-01 00:17:43
Владимир Путин биздин президенттей эле аяп кеттим, кыргыздар учун жакшылыгы коп эске алыш керек. Орубасын бул киши бүткүл Азия өлкөлөрү үчүн керектүү президент. Аллах ден соолук берсин!
+17
algakaray
2020-04-01 00:20:49
Бул вирусун ханына да кедей кембагалына да карабайт экен. Европада чон кызматта иштеген, депутат, премьер министирлерге чейин жукту го. Алар деле сактанып атышты да. Бирок, жолугушуу коп болуп атты ошондон го менин ойумча. Элдер мн контакт болбой уйдон чыкпай жата туралы чыдап. Кудайым сактасын.
+4
karakyz23
2020-04-01 00:48:41
Аман болсун,оорубасын
+6
Jeltelmen.99
2020-04-01 10:38:37
Путин халтрушик
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан