Кыргыз спортчусу Дубайда өткөн эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду

Кыргыз спортчусу Айваз Оморканов 7-февралда триатлон боюнча Дубайда өткөн эл аралык "IRONMAN 70.3 Dubai" турниринде коло медаль тагынды.

Бул турнирге катышкандар 1950 метр сууда сүзүп, 90 чакырымды велосипед менен басып өтүп жана 21 жарым чакырым аралыкты чуркап өтүшү керек болчу.

Айваз Оморканов көрсөтүлгөн тапшырмалардын бардыгын 4 саат 13 мүнөт 46 секундда аткарып, коло байгени багындырды. Бул турнирдин жеңүүчүсү даниялык спортчудан Айваз Оморканов 1 мүнөт 45 секундга кеч келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан