Стоп, геморрой! Геморрой рак илдетине жеткириши мүмкүн. Андыктан андан оңой жана бат арылыңыз!

40 жаштан өйдөлөп калган курактагылар жылына бир жолу проктологго көрүнүп туруусу керек дейт медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин отличниги, врач-хирург Алибек Раимкулов. Ошондой эле врач эл арасында көп сөз козголбогон геморрой оорусу тууралуу, аны дарылоонун оңой жолу жөнүндө айтып берди.

"Дүйнөдө 10 адамдын 8и геморройго чалдыгат"

- Геморрой - бул көтөн чучуктагы геморройдук түйүндөрдүн кеңейиши. Анын келип чыгышына жашоо шарт, айлананын таасири, туура эмес тамактануу, көтөн чучукка ашыкча кара күч келтирүү, ич катуу, спирттик ичимдиктерди ичүү жана башка факторлор жеткирет. Бул оору улгайган жаштагылар арасында аябай кеңири тараган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына ылайык, учурда 10дон 8 киши геморрой менен жабыркап келет.

Дарыгерлерге бейтаптар көбүнчө оорусу күчөп, өтүшүп кеткенде кайрылышат. Геморройдун акыркы стадияларында көтөн чучук ооруп, заңдагандан кийин канап, айрымдардыкы көтөн чучугу сыртка чыгып калат. Ыңгайсыздык, жагымсыз оору адамды моралдык жактан да, психологиялык жактан да чарчатып коёт. Дааратканага баруу коркунучтуу түш сыяктуу, заарканып калышат. Менин бир бейтабым бар болчу, 3 күндө бир ажатканага барчу да, ошол боюнча тура албай жатып калчу. Анткени анын бардык жагы сыздатып, турганга алы келбей калат эле.

"Геморройду дарылабаса рак илдетине алып келиши мүмкүн"

- Албетте, геморрой жагымсыз оору. Айрымдар бул ооруну элге айткандан уялып же олуттуу маселе катары көрбөй, дарыгерге кайрылбай жүрө берет. Бирок оору өтүшүп кетсе жоон ичегинин залалдуу шишигине жеткириши ыктымал. Ошондо жашоо бүттү дей бериш керек. Кечке жан чыдагыс оору менен алышуу, көптөгөн операцияларды, химиялык терапияларды баштан өткөрөт. Анда да аман калуу деген кепилдик берилсе жакшы. Толук кандуу дарыланган учурда деле адам мурункудай ишке жарамдуу болбой калышы мүмкүн.

"Лазердик ыкма учурда ийгиликтүү колдонулуп келет"

- Учурда канча хирург болсо, геморройду дарылоонун ошончо ыкмасы бар. Дарылоону жалпысынан 2ге бөлсө болот.

1. Салттуу операциялык ыкма. Анда операциялык жол менен геморройдук түйүнчөлөр кесилип алынат. Медицинада көп жылдан бери колдонулуп келген тажрыйбалуу ыкма болгону менен калыбына келүү убагы оор жана түйшүктүү. Операциядан кийин жан чыдагыс оору болгондуктан бейтапка 2 күн морфин өңдүү баңгизат берилет. Эгер тажрыйбалуу дарыгерлерге барбаса, кыйыр жагы да көп.

2. Азинвозивдик же лазердик ыкма (жарыкка кактап дарылоо) - дарылоонун бул ыкмасын Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылы Урматбек Сыдыков менен биргеликте киргизгенбиз. Лазер ыкмасын апробациялоодо Улуттук Госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектеновдун салымы чоң. Ал кишинин жардамы менен көп ийгиликтерге жетиштик.

"Геморройду дарылоонун лазердик ыкмасын Кыргыз өлкөсүнө 2019-жылы Урматбек Сыдыков менен биргеликте киргизгенбиз".

Жарыкка кактап дарылоо ыкмасында бейтаптын операция жасалуучу жерине гана наркоз берилет жана ал жери кесилбейт. Кичинекей тешикче аркылуу геморройду нурлантып, түйүнчөлөр нурга какталып өлүп калат да, кийинчерээк сорулуп кетет. Бул ыкманы клиниканын дарыгерлери баарыбыз Германияга барып окуп, тажрыйба арттырып келгенбиз. Учурда немис технологиясы менен иш алып баруудабыз. Лазердик жол азыркы күндө ийгиликтүү колдонулуп келаткан ыкма катары саналат.

Лазердик ыкманын чоң артыкчылыгы да бар. Анда эч кайсы жер кесилбейт, тигиш болбойт, лазердик нур геморройдук түйүндөрдү кактап түшүрүп салат. Операциянын эртеси бейтап жумушка чыгып кете берсе болот. Эч кандай тынчын албайт.

Ал эми баасы тууралуу айтсам, эки ыкманын баасы бирдей эле болуп калат. Анткени операциялык ыкмадагы толгон-токой анализге, операцияга, дарыгерлерге кеткен акча, бейтапты калыбына келүү процессиндеги акчаларды кошкондо бирдей эле чыгат. Дагы бир артыкчылыгы мисалы, айрымдарга көтөрө албайт деп операциялык ыкма сунушталбайт, ал киши өмүр бою оору менен жашап өтмөк беле? Лазердик дарылоодо болсо андай маселе жок. Болгону геморрой тынчын алган адам кечиктирбей, уялбай, проктологго көрүнүүсү керек. Бейтапта геморройго жашынган башка оору барбы-жокпу, ошону аныктоо үчүн проктолог колоноскопиядан өтүүгө жөнөтөт. Эгер баары жакшы болуп, бир эле геморрой тынчын алып жаткан болсо, анда лазердик ыкма менен андан арылууга мүмкүн.

Элибизге айтарым, геморрой деген оорунун уят жок. Эгер оору тынчыңызды алып баштаса, сөзсүз түрдө проктологго көрүнүңүз! Бейтап канчалык эрте кайрылса, маселеси да жеңил болот.

Байланыш үчүн телефон: 0552 621022
Инстаграм баракчасында: @varikoz.kg жана @proctolog.kg
Сайт: www.varikoz.kg
www.proctolog.kg


кошулду
Геморройдон лазердик ыкма менен оңой жана бат арылууга болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан