Орусиянын Петербург шаарындагы көчөлөрдүн биринен 29 жаштагы кызды төрт эркек киши травматикалык тапанча менен коркутуп, сумкасын тартып алган. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.
Маалыматка ылайык, кол салгандар Кыргыз жарандары болгон. Тоноого кабылган кыз жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине окуя тууралуу айтып берген.
“Мен жасалга сатып алуу үчүн келгем. Сумкамда көп суммадагы акча бар болчу. Күтүүсүздөн мага төрт киши жүгүрүп келишип, курал менен коркутуп сумкамды тартып алууга аракет кылышты. Алгач баш берген жокмун. Анткени мен өзүмдү эмес сумкадагы акча тууралуу ойлоно бердим. Бул каражат меники эмес болчу. Андан кийин алар травматикалык тапанча менен бутума атты. Бирок баарыбир сумканы коё берген жокмун. Каракчылардын бири башыма куралды такаганда гана колумду коё бергенге мажбур болдум. Алар качып кетип баратканда автоунаасынын номурун жаттап калганга жетиштим”, - деген жабырлануучу.
Окуянын видеосу көзөмөлдөөчү камерага жазылып калгандыктан, социалдык тармактарга тарап кеткен. Колдонуучулар каракчылардан коркпогон кызды “Эр жүрөк Наташа” деп атап баштаган.
Көп өтпөй тоноого шектелгендер колго түшүрүлгөн. Орусиялык укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, сумкада 230 миң рубль, мобилдик телефон жана документтер болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, тергөө иши башталды.
"Кармалгандар 24 жаштан 34 жашка чейинки эч жерде иштебеген Орто Азиядан келген жарандар. Алардын экөө Орусиянын аймагында эч кандай каттоого турбай мыйзамсыз жүрүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы Элчилиги мындай окуя болгонун тастыктап, төмөндөгүдөй маалымат берди.
"Ал балдар Кыргыз өлкөсүнүн жарандары экендиги такталды. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Санкт-Петербург шаарындагы Элчиликтин кеңсеси жана консулдук иштеп жатат. Иш көзөмөлгө алынган", - дешти элчиликтен.