АФК Кубогу-2020: "Нефтчи" плей-офф баскычына автоматтык түрдө өттү

"Нефтчи" командасы АФК (Азия футбол конфедерациясы) Кубогунун тандап алуу оюндарында плей-офф баскычына чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациясынан маалымдашты.

АФК "Нефтчи" командасынын атаандашы түркмөнстандык "Ахал" клубун оюндан четтетти. Буга себеп "Ахал" командасы Жалал-Абаддагы оюнду коронавируска байланыштырып келбей койгондугу болду. Бул чечим менен "Нефтчи" автоматтык түрдө плей-офф баскычына чыкты.

Буга чейин "Ахал" командасы 5-февралда Жалал-Абадда боло турчу оюнду башка күнгө жылдырууну суранып, АФКга кат жолдошкон.

"Нефтчи" командасынын тайпалык баскычка чыгуу үчүн эми "Худжанд" (Тажикстан) командасы менен ойнойт.

Бул эки команданын биринчи оюну 19-февралда Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда болуп, жооптук беттеш 26-февралда Душанбе шаарынын борбордук стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Store
2020-02-07 17:07:07
Туура эле болуптур.
+4
keba300989
2020-02-07 17:11:45
Калыс чечим чыгыптыр. Алга жигиттер
+3
bessmertiy
2020-02-07 18:05:16
Куттуктаймын!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан