Азамат Жаманкулов Улуттук цирктин абалы менен таанышты

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз Улуттук циркинин абалы менен таанышып, эмгек жамааты менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улуттук цирктин директору Фархад Бекмамбетовдун маалыматына ылайык, жетекчилик тарабынан инвестиция, демөөрчүлөрдү тартуу иштери жүрүүдө. Цирктин өздүк эсебине келип түшкөн акча каражат 4 миллион 500 миң сомду түзүп, имараттын ичине оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Алар: электрдик камсыздоо, жаныбарларды кармоочу жай (атканалар), ажатканалар, суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө. Ал эми чыгармачылык жактан жакынкы аралыкта “Жигитовканы” кайрадан калыбына келтирип, эл алдына алып чыгууну пландап жатат.

Министр эмгек жамааты менен жолугушуу учурунда циркте иштеген кызматкерлер үчүн мурункуга салыштырмалуу жакшы шарт түзүлүп, оңолуп жаткандыгын белгиледи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
chake
2020-02-07 19:40:47
бул жака да жанагы сары шляпачан жыланачтарды алып кирип көргөзмө кылбасын байкап иш кылгыла
+1
zhaku2017
2020-02-07 20:54:37
Искуство тармагын онуктуруш керек. Жаштарды маданий, искуство, билим тармагына кобуроок аралаштырыш керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан