7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында массалык мушташ орун алып, ок атышуу болду. Чыр аталган айылдагы жергиликтүү тургундардын ортосунда орун алганы кабарланган.
Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан көзөмөл-өткөрүү жайларында кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирген. Аталган мекемеден 8-февралга караган түнү чек ара аркылуу Кыргыз өлкөсүнө өткөндөр көп болгондугун маалымдашты.
"Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү жайлары аркылуу Кыргыз өлкөсүнө өткөн Казак жарандарынын (көпчүлүгү аялдар жана балдар) тыгыны пайда болду. Чек арадан өтүү учурунда чыр-чатактар катталган жок", - деп айтылат маалыматта.
Чүй облусунун Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара кызматынын бөлүмдөрү жана өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантып жатышат.