Казакстандагы жаңжал: Токмоктогу ооруканага 17 Казак жараны кайрылды

Казакстандагы жаңжалдан кийин Кыргыз өлкөсүндөгү Токмок аймактык ооруканасына 18 жаран кайрылды. Алардын 17си Казак жараны, бирөө Кыргыз жараны. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы билдирди.

Кайрылгандар Жамбыл облусунун Кордай районуна караштуу Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан жаракат алгандарын билдиришкен.

"Кайрылгандардын ичинен 8 бейтап Токмок аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. 2 бейтап Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга, калган 8 жаран амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын баарынын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - дейт маалымат кызматынын өкүлү.

Министрлик бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү колго алганын кошумчалады.

Окуянын чоо-жайы:

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ орун алып, ок атышуу болгону кабарланган.

Жаңжалдын кесепетинен 8 адам каза болуп, 40 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алганын өлкөнүн ички иштер министри маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bratanyn
2020-02-08 15:02:58
Биздин пейилибиз кенен боордоштор.А силерди билбедик!
+18
Omush94
2020-02-08 15:11:20
bratanyn,булар дуңгандар Кыргызстанга келгендер
+6
Nursul
2020-02-08 18:10:23
Omush94,өзү дунгандардан күнөө кетиптирби же казактарданбы дагы малымат барбы
+5
chake
2020-02-08 15:05:58
мындай күндү кыргызстан башынан өткөргөн биз бул ишке калыс карап калыс сөз айткандан башка АША чаппашыбыз керек
+10
bek.94
2020-02-08 16:22:11
Дунган деп Эчким айтпайт булар аша чаап кетти
+7
tular
2020-02-08 18:46:53
Негизи дунгандар өтө начар калк болушат. Бизде да араң эле турушат! Буларга баш көтөртпөш керек...
+5
Agayu
2020-02-08 21:13:14
Бул жэрде УЛУТ гана күнөөлү болтат. Баарыбыз пендебиз Кудайдын алдында жэрдин түбүндө. Бир гана жолу ар бирибиз өз ордубузду гана билишибиз керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан