Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясы коронавирустан жабыркагандар тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, 8-февралда 89 адам каза болсо, 2 миң 656 адамда коронавирус аныкталды. Каза болгондордун 81и Хубэй провинциясында, Хэнанда 2, калгандары Хэбэй, Хэйлунцзян, Аньхой, Шаньдун, Хунани жана Гуанси-Чжуанскта катталды. Ооруну жуктургандардын көпчүлүгү Хубэйдин тургундары.
Жалпысынан коронавирустан 813 адам көз жумуп, 37 миң 527 адам жабыркады.
Коронавируска каршы дарылангандардын ичинен 2 миң 649 адам сакайып, ооруканадан чыгарылды.