Бүгүн, 9-февралда UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоп калды. Ал америкалык атаандашы Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда нокаутка учуратты. Жыйынтыгында беттеш токтотулуп, Кыргыз мушкери чемпиондук курун коргоп калды.
Беттеш АКШнын Техас штатына караштуу Хьюстон шаарындагы "Toyota Center" аренасында орун алды. UFC 247 турнириндеги негизги беттештердин бири аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн беттеш болду.
Учурда америкалык Жон Жонс чемпиондук курун Доминик Рейестен талашат.