"Кыргыз өлкөсүнө кетүүнүн кажети жок". Казакстандын вице-премьери чек арадан өтүп жаткандарга кайрылды

Интернетке Кыргыз өлкөсүнө чек ара аркылуу өтүп жаткан Масанчи айылынын тургундарынын видеосу жарыяланды. Видео Токмоктогу өткөрмө пунктунан тартылган. Анда аялдар, кары-картаңдар жана балдарды көрүүгө болот.

Мамлекеттик чек ара кызматы өткөрмө пункттардан канча киши өлкөгө киргендиги тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Ал эми Казакстандын премьер-министринин орун басары Бердибек Сапарбаев Жамбыл облусуна барып, жаңжал чыккан аймактын абалы менен таанышты. Андан кийин вице-премьер-министр расмий жыйын өткөргөнүн казак басылмалары жазышты. Сапарбаев Масанчи айылынын тургундарына Кыргыз өлкөсүнө кетүүнү кажети жок экенин билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнө кетүүнүн кажети жок. Кайтып келсин. Тартипке салабыз. Атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү менен чек арага барып, ал жактагы абалды билип келебиз. Жаңжалдын жаратуучуларын таап, жазалайбыз. Биз видеолорду көрдүк. Тартип орнотобуз", - деген ал.

Окуянын чоо-жайы:

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ орун алып, ок атышуу болгону кабарланган.

Жаңжалдын кесепетинен 8 адам каза болуп, 40 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алганын өлкөнүн ички иштер министри маалымдаган.

Кыргыз өлкөсүндөгү Токмок аймактык ооруканасына 17 Казак жараны медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Алар Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан жаракат алгандарын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bars88
2020-02-09 10:34:54
Кимдин жеринде жашасан ошо жердин ырын ырда дейт.Тынч эле жашашса ким тиймек эле
+16
Agayu
2020-02-09 11:54:54
Жэр албетте эч кимдики .Бирок аша чапканды жазалаш керек .Аша чапаш учун ар бир Адам ойлонуш керек
+4
Tolkun555
2020-02-09 12:44:55
Кыргыз болуп,кыргыз жеринде торолуп осуп Кыргызстанда жашаганыма мин шугурлор болсун
+9
Aroiz
2020-02-09 15:25:46
Tolkun555,Албетте
+1
Maks_shop
2020-02-10 10:14:41
Боору кен кыргызыман десе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан