Бүгүн миңден ашуун Казак жарандары Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетишти

7-8-февралда Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрмө жайлары аркылуу көп адамдар өткөнү байкалган.

Өлкөгө кирген Казак жарандары бүгүн, 9-февралда артка кайтып жатышат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришип, саат 10:00гө карата алынган маалымат менен тааныштырат. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсүнөн миңден ашуун Казак жараны чек ара аркылуу мекенине өтүп кетишти.

Учурда Кыргыз-Казак чек арасында абал туруктуу. Казакстан менен чектешкен аймактагы көзөмөл-өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп, жарандар жана транспорт каражаттары күндөгүдөй тартипте өтүп жатышат.

Окуянын чоо-жайы:

7-февралда Кыргыз-Казак чек арасына жакын Жамбыл облусунун Масанчи айылында жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ орун алып, ок атышуу болгону кабарланган.

Кыргыз өлкөсүндөгү Токмок аймактык ооруканасына 17 Казак жараны медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Алар Масанчи айылында чыккан массалык мушташтан жаракат алгандарын билдиришкен.

Жаңжалдын кесепетинен 8 адам каза болуп, 40 жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алганын өлкөнүн ички иштер министри маалымдаган. 9-февралда казак басылмалары каза болгондордун саны 10го жеткенин жазып чыгышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
futboler
2020-02-09 15:14:53
Эртең эле унутуп коюшат бул баурлар, постторду жаап, Казакстан аркылуу өткөн машиналарды токтотуп тоноп.
+4
murat17
2020-02-09 15:45:34
futboler,булар казак эмес дунгандар
+1
futboler
2020-02-09 15:58:00
murat17,казактар деле унутуп коймок жакшылыкты
+2
murat17
2020-02-09 19:08:18
futboler,балким адамбыз да сен менен мен деле кеде жакшылыкты унутуп койсок керек
+2
Omush94
2020-02-09 15:14:55
Дуңгандар иттер десе
+2
make2
2020-02-09 17:24:50
азыр эле [moderated]тан көрсөтту 9-февраль толтура кетпей эле келип жатышат
+1
tular
2020-02-09 17:56:43
make2, кайсы жактан көргөзүп жатат?
0
bond02
2020-02-09 19:27:40
Биздин чек араны бекемдебесек болбойт э.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан