Көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлгөн ымыркайдын атасы: "Балам эми жан чыдагыс оору менен алышпайт"

Табарак Асилбек уулунун эки көзүндөгү шишик операция жолу менен буга чейин алып салынган. Операция Индияда ийгиликтүү жасалып, бирок Табарактын көрүүсү өмүр бою кайтарылбай турганы белгилүү болгон. 2 жаштагы Табарак үч жолу башынан оор операция өткөрдү. Бүгүн, 9-февралда Табарак Асилбек уулу ата-энеси менен мекенине кайтып келди. Аларды жакындары, дос-туугандары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Табарактын атасы Асилбек Нуркамил уулу буга чейин SUPER.KG порталына берген маегинде уулунун илдети тууралуу айтып берген. Азыркы учурда баласынын көзүндөгү шишик алып салынганын ал кубануу менен айтып жатты. Айтымында, Табарак буга чейин жан чыдагыс оору менен алышып келген болсо, азыр анын мүнөзү өзгөрүп, оюнга алаксып, көңүлү ачылып калган.

Ал эми баланын апасы Жазгүл Эргешбай кызы баласы операция болуп жатканда кабатырланган. "Балам операция болуп жатканда кыжаалат болуп, кыйналдым. Операциядан кийин балабыздын ден соолугу мурункуга караганда жакшы", - деди көзүнө жаш алган Табарактын энеси.

"Ак ниет-Аманат" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев "көзү көрбөгөн эч нерсе эмес, көөдөнү көргөн маанилүү. Инсанга кичинекей жардам берүү - бул чыныгы ырахаттана турган бакыт экен", - дейт. Асилбек Нуркамил уулу менен Жазгүл Эргешбай кызы 2012-жылы баш кошушкан. Жазгүл Эргешбай кызынын буту ооруйт, 2-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын 2 кыз, 1 уулу бар. Улуу кызы Хафизанын ден соолугу чың, бирок сүйлөө жагынан аксайт. Кийинки кызы Басира ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип, көзү азиз болуп төрөлгөн. Ал эми алардын уулу Табарак көздүн ордуна 2 шишик менен төрөлүп, ал операция жолу менен алып салынды.

Табарак Асилбек уулунун эки көзүндөгү шишик операция жолу менен алып салынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Petrovka
2020-02-10 09:58:48
Ии балапаным жүрөгүм ооруп кетти. Балдарыбыз оорубасын
+14
Kuyoo_bala
2020-02-10 11:22:47
Асилбек Нуркамил уулу менен кантип байланышсак болот?
+6
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-10 13:56:27
Жаным ии,ден соолук каалайм
+7
Alia82
2020-02-10 14:49:20
Уй булосу мн баардыгына ден соолук, аманчылык каалайм
+9
Saidochka
2020-02-10 15:23:10
Кудайга шүгүр, аман эсен чоңойгун, балакай
+5
boris8907
2020-02-10 17:15:33
Тукум кууганы оору жаман экенда. Эми кийинки поколениясынада отпосо экен
+1
elmira.
2020-02-10 20:20:43
Аябай боорум ооруду.колумдан эчнерсе келбейтдаа (((
+4
suban78
2020-02-10 21:58:03
Алоа Таалам бактылуу омур берсин балапанга.
+2
KaGaH
2020-02-11 01:02:17
Капа болбогула го бирок деген жери бар, өнүккөн өлкөлөрдө ушундай оруусу бар адамдар үй бүлө курушпайт, анткени алар билишет балдар инвалид болуп төрөлүшүн,врачтар эскертишет,бизде кайдан андай түшүнүк жок,өзү кыйналганы аз келгенсип балдарды да кыйнашат бул менин жеке пикирим жооп жазбай эле койгула
0
Nuri1988Elim2010
2020-02-11 09:53:37
Кудайым денсоолук берсин, кудайым сүйгөн пендесине берет мындай сыноону
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан