"Оскар-2020" наамынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Алардын жалпы тизмеси жарыяланды:
"Мыкты тасма" - "Паразиттер"
"Мыкты режиссёрдук иш" - Пон Жун Хо ("Паразиттер")
"Мыкты актёр" - Хоакин Феникс ("Жокер")
"Мыкты актриса" - Рене Зеллвегер ("Жуди")
"Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу" - Брэд Питт ("Бир жолу Голивудда...")
"Экинчи пландагы аялдын мыкты ролу" - Лора Дерн ("Нике окуясы")
"Мыкты оригиналдуу сценарий" - Пон Жун Хо ("Паразиттер")
"Мыкты кайра иштелип чыккан сценарий" - Тайка Вайтити ("Коён Жожо")
"Мыкты толук метраждуу анимациялык тасма" - "Оюнчуктардын тарыхы 4"
"Мыкты чет тилдеги толук метраждуу тасма" - "Паразиттер" (Түштүк Корея)
"Мыкты документалдуу толук метраждуу тасма" - "Америкалык фабрика"
"Мыкты документалдуу кыска метраждуу тасма" - "Согуш талаасында скейтбордду тебүүнү үйрөнөбүз"
"Мыкты кыска метраждуу оюн тасмасы" - "Коңшунун терезеси"
"Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма" - "Чачка болгон сүйүү"
"Тасмадагы мыкты музыка" - "Жокер"
"Тасмадагы мыкты ыр" - "Рокетмен" тасмасындагы "(I'm Gonna) Love Me Again" ыры
"Мыкты монтаж" - "Форд Феррариге каршы"
"Мыкты үн" - "1917"
"Мыкты коюучу-сүрөтчүнүн иши" - "Бир жолу Голивудда..."
"Мыкты костюмдардын дизайны" - "Кичинекей айымдар"
"Мыкты үн монтажы" - "Форд Феррариге каршы"
"Мыкты оператордук иш" - Роджер Дикинс ("1917")
"Мыкты визуалдык эффект" - "1917"
"Мыкты гримм жана чач жасалгалоо" - "Чатак"
"Оскар" сыйлыгынын 92-сыйлоо аземи Лос-Анжелесте өттү.