Экс-мэр Мелис Мырзакматовдун Жогорку Сотто карала турган иши жылдырылды

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Сотто Ош калаасынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун иши каралмак. Бирок анын жактоочулары сотко келбегенине байланыштуу отурум жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү Изати Шүгүралиева SUPER.KG порталына айтып берди.

"Мелис Мырзакматовдун иши бүгүн, 10-февраль саат 14:30га белгиленген. Бирок жактоочулардан өздөрүн жаман сезип жатканы тууралуу өтүнүч келип түштү. Мындан улам соттук отурум 25-март саат 14:00гө жылдырылды", - деди Жогорку Соттун басма сөз кызматынын өкүлү.

2015-жылы 22-июлда Ош шаардык соту Мелис Мырзакматовго сыртынан өкүм чыгарып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Ага “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, издөө салынган эле.

Ал эми Мырзакматов өзүнө тагылган айыптоону "саясий куугунтук" деп айтып келет.

"Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси: Мырзакматовдун соттук иши жылдырылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан