Бишкекте жасалма евро сатууга аракет кылган жаран колго түштү

Бишкекте 10 миң 500 евро өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгенин аталган мекемеден билдиришти.

7-февралда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, 1993-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалды. Ал 10 миң 500 евро өлчөмүндөгү жасалма акча каражатын сатууга аракет кылган.

"Кармалган жаран жасалма акчаларды сатууну «К.Э.П.» акча алмаштыруучу жайынын кассири менен биргеликте ишке ашырмакчы болгон. Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдирет маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан