UFC уюмунун президенти Дана Уайт "UFC 247" турниринен кийин маалымат жыйынында Валентина Шевченко тууралуу оюн айтты.
"Шевченко ушунчалык күчтүү жана профессионал айым жана жакшы адам. Ал өзүн мыкты деңгээлде көрсөттү. Анын кийинки беттешин чыдамсыздык менен күтөм. Бул үчөөнүн (Шевченко, Нуньес, Жанг) катышуусунда көп нерсе уюштурууга болот. Алар өздөрүнүн дивизионунда калып, өз иштери менен алек болушун каалайт элем. Шевченко - жырткыч. Ал ар бир мушташта кыйындыгын көрсөтүп келет. Бул коркунучтуу", - деп билдирген UFC президенти.
Маалыматка ылайык, кечээ 9-февралда АКШнын Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринде Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянга каршы беттешип, 3-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.