Жеңиш Разаков вице-премьерликтен бошотулду

Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Жеңиш Разаковдун отставкасы кабыл алынды. Ал берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

Разаков бул кызматты 2018-жылдын апрель айынан тарта аркалап келген.

2012-жылдан 2016-жылга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

2016-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылдын октябрына чейин вице-премьер-министр;

2017-жылдын август айынан тартып октябрь айына чейин Коопсуздук кеңештин катчысы;

2017-жылдын 26-октябрынан 20-апрелге чейин президенттин кеңешчиси.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан