Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча - Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас, Нарын облустарынын жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторуна 19 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.
17-апрелде мамлекет башчы айрым талапкерлер менен маектешүү өткөргөн. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен президент судьялык кызматка 16 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди. Мамлекет башчы 3 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды.
Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына 16 талапкер боюнча президент тарабынан жарлыктар чыгарылды. Биринчи жарлык менен тандалып алынган 16 талапкер Конституцияда белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялык кызматына дайындалды. Экинчи жарлык менен дайындалган судьялар төмөнкү райондор аралык сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:
— Чүй облусуна:
— Ош облусуна:
— Ысык-Көл облусуна:
— Баткен облусуна:
— Талас облусуна:
— Нарын облусуна:
— Бишкек шаарына:
Бул жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.