Биз социалдык тармакта

Казакстандагы баш аламандыктан 24 миңге чукул жаран Кыргыз өлкөсүнө келгендиги айтылды

Казакстандын Масанчи айылында жергиликтүү тургундардын ортосундагы массалык жаңжалдан улам чек ара аркылуу Кыргыз өлкөсүнө 24 миңдей адам өткөн. Бул тууралуу Жамбыл облусунун акими болуп дайындалган Бердибек Сапарбаев Сортобеде өткөн жыйында билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты.

Анда Бердибек Сапарбаев "Аухатты", "Карасу" өткөрмө пункттарына барып келгенин айткан. Ошондой эле ал Кыргыз өлкөсүнө 24 миңдей жаран чек ара аркылуу өткөнүн билдирген деп жазышат маалымат каражаттары.

Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү жайлары аркылуу 7-8-февралда канча Казак жараны өткөнү боюнча расмий билдирүү жасай элек.

10-февралда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамбыл облусунун акими Аскар Мырзахметовду жана вице-премьер Бердибек Сапарбаевди кызматтарынан бошотту. Бердибек Сапарбаев Жамбыл облусунун акими болуп дайындалганы белгилүү болду.

Окуянын чоо-жайы:

7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунун Сортобе айылынын тургундары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Ага удаа эле коңшу жайгашкан Масанчи айылында тургундар ортосунда мушташ чыгып, атышуу менен уланган. Андан ары үйлөргө өрт коюу менен конфликт күчөй берген.

8-февраль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирүү таратып, чырдын келип чыгышына күнөөлүүлөр жана улуттар аралык кастыкты козутуу үчүн туура эмес маалымат тараткандар жазаланышы керектигин айткан.

9-февралда жаңжал учурунда каза болгондорду жерге берүүнүн алгачкы зыйнаты өткөн. 10-февралда жогоруда аталган 3 айылдагы мектеп жана бала бакчалар кайрадан иштей баштаганы маалымдалды.

Массалык жаңжалга байланыштуу 25 кылмыш иши ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Snare
2020-02-11 10:47:10
5000 эле деп атпай беленер? Киргизбеш керек бул дунгандарды.
+4
bond02
2020-02-11 10:57:35
24 мин келсе наоборот кыргыздарды кууп чыкпасын Кыргызстандан.
+5
Omush94
2020-02-11 11:56:47
Чыгаргылаааааа кимге кереги бар булардын
+3
murat17
2020-02-11 13:19:13
зачем чыгаргыла буларды
-1
murat17
2020-02-11 13:19:54
может бир саясат болуп Кыргызстанга вирус алып келип журбосун
0
Nur777
2020-02-11 13:57:09
Аким менен вицеде не куноо? Ар бир хулигандын колунан жетелеп журо албайт да ушу тоболошуп кетпесин деп...Никто не застрахован мындай ситуациядан.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан