АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) Кубогунун плей-офф баскычындагы "Нефтчи" - "Худжанд" (Тажикстан) беттешин Түштүк Кореялык калыстар тейлейт. Бул тууралуу Футбол федерациясынан маалымдашты.
Бул беттештеги башкы калыстык милдетти Че Саң-Хёп аткарса, анын жардамчылары болуп Каң Доңхо жана Квак Сыңсон дайындалды. Ал эми резервдик калыс Ким Вусоң болуп дайындалды.
"Нефтчи" - "Худжанд" беттеши 19-февралда Жалал-Абаддагы "Курманбек" стадионунда болуп, жооптук беттеш 26-февралда Душанбе шаарынын борбордук стадионунда өтөт.
Маалыматка ылайык, түркмөнстандык "Ахал" командасы "Нефтчи" командасы менен 5-февралда Жалал-Абадда боло турчу оюнду коронавируска байланыштырып келбей койгон. Бул маселени АФК карап чыгып "Ахал" командасын турнирден четтеткен. Бул чечим менен "Нефтчи" командасы мелдештин плей-офф баскычына автоматтык түрдө өткөн.