Бүгүн, 11-февралда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков берген арызынын негизинде кызматтан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Разаков эки жылдан бери бул кызматты аркалап келген. Ал чек ара маселеси боюнча иш алып барчу.
SUPER.KG порталы "Чек ара маселелери боюнча иш алып барган вице-премьер кызматтан бошотулду. Бул ишти ким татыктуу аркалайт деп ойлойсуз?" деген собол салды.
Экс-министр Нурланбек Шакиев вице-премьер боло турган киши чыныгы мекенчил, жөндөмдүү болушу шарт деген пикирде.
"Чек ара маселеси ар дайым өлкөбүздөгү оор жана олуттуу маселе бойдон калууда. Эми кызматтан кеткен кишиге андай, мындай деп айтууну туура көрбөйм. Ким качан, кандай кызматта болбосун, ошол иштеп турган учурунда сындап да, татыктуу болсо мактап да ачык айтып жүрөм. Азыр эми вице-премьерликке ким келсе болорун, албетте, президент чечет. Калп эле парламент, премьер-министр чечет деп бурмалоонун кажети жок. Андыктан президент татыктуусун сунуш кылуусу абзел.
Вице-премьер болчу киши эң оболу чыныгы мекенчил, жөндөмдүү, Кудайдан корккон ынсаптуу болушу шарт. Ошондой эле абдан салмактуу, сабырдуу болсо андан да жакшы болор эле. Анткени чек ара сыяктуу маанилүү маселени сүйлөшүүдө сабырдуулук өзгөчө мааниге ээ. Чыр-чатак көп. Ар кандай чагымчыл аракеттерге алынбашы керек. Бул же тигил киши деп бирөөлөрдүн атын атоо мага туура эместей. Анан да биз айткан эле кишини жактырып коюп коймок беле", - дейт Шакиев.