Эмил Молдодосов Ташкентте өтүп жаткан эл аралык турнирде күмүш байгеге ээ болду

Кыргыз оор атлетчиси Эмил Молдодосов Ташкентте өтүп жаткан оор атлетика боюнча "International Solidarity Championships" эл аралык турниринде күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Эмил Молдодосов бул турнирге 81 килограмм салмак ченинде катышты. Бул салмак ченинде мелдешке жалпы 8 спортчу катышты. Эмил Молдодосов жулкуп көтөрүүдө 152 килограмм, түртүп көтөрүүдө 181 килограмм болуп жалпы 333 килограмм көтөрүп, күмүш байгенин ээси болду.

Бул салмакта өзбекстандык Мухаммадкодир Таштемиров чемпион болду. Ал жалпы 341 килограмм көтөрсө, үчүнчү орунга түркмөнстандык Рустем Аннабердиев татыган. Ал жалпы 326 килограмм көтөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан