Бишкек шаарында жалпысынан 1000ден ашуун көчө бар экени маалым. Буга байланыштуу "шаардын бир топ көчөлөрүнүн аталыштары өзгөрүп кетиптир, даректи табууда адашып жатабыз" деп жазат Элдик кабарга окурман.
"Учурда шаардын көчөлөрүнөн баш айланат. Тартип сакталган эмес. Мисалы, бир даректи айтышат, ага барсаң көчөнүн аты башкача, эчак өзгөрүп кеткен. Мындай учурларда кайсы жактан маалымат алабыз? Көчөлөрдүн эски жана жаңы аталыштары бар тизме болсо жакшы болот эле", - деп билдирет окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.