Шайлоонун шарапатыбы? Ош шаарында жыл башынан бери 30 миңдей адам каттоого турду

Ош шаарында жыл башынан бери жашаган жери боюнча каттоого турган жарандардын саны 30 миңге жетти. Мындай маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы ырастады.

Буга чейин социалдык тармактарда "Ош шаарында жарандардын массалык каттоого туруусу байкалууда. Бул быйыл өтө турган шаардык кеңештин шайлоосуна байланыштуу", - деген кабар тараган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматына ылайык, жыл башынан 10-февралга чейин Ош шаарына каттоого турган жарандардын саны 30 миңге жеткен. Алардын арасында 18 жашка чейинкилери дагы бар.

Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы төмөндөгүдөй маалымат берди: "Ички миграция жөнүндө" мыйзамынын негизинде Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жараны жашаган жерин алмаштыруу жана ал жакка каттоого туруу укугуна ээ. Мисалга алсак, жаран Талас облусунан Нарын облусуна келип жашап калса, анда ал мурунку каттоосу кайда болгонуна карабастан, жер которгон жерине каттоого турат. Конституцияга ылайык, ар бир жаран Кыргыз өлкөсүндө эркин жүрө алат. Мамлекеттик каттоонун кызматкерлери каттоого туруу үчүн тийиштүү документтери болгон жаранды эч чектөөсүз ал айткан дарек боюнча каттоого тургузууга милдеттүү. Ошол эле маалда жаран убактылуу келген жерине дагы каттоого турууга укуктуу".

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Luna15
2020-02-12 13:15:00
Шайлоо качан
0
Absamat-90
2020-02-12 13:32:59
Бул өзүнө ишенбеген элдин ишенимин актабаган эски партиялар кылып жатса керек. Ата Мекен бутун Кыргызстан дегендер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан