Ысык-Көлдө экстремисттик агымдын мүчөсү баңги заты менен кармалды

Ысык-Көл облусунда экстремисттик агымдын мүчөсү баңги заты менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тоң РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери баңги затын сактоо үчүн мыйзамсыз деп табылган «Йакын Инкар» диний экстремисттик агымынын мүчөсү катары милициянын каттоосунда турган Кара-Талаа айылынын 35 жаштагы тургуну Т.Э. аттуу жаран кармалды.

"Из кубарлардын айтымында, аларга Кара-Талаа айылынын тургуну үйүндө мыйзамсыз баңги затын сактап жүрөт деген ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын үстүнөн тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп, шектүү адамдын аты-жөнүн жана жашаган жерин аныкташкан. 11-февралда шектүүнүн үйүндө санкциялаштырылган тинтүү иштери жүргүзүлгөн мезгилде салмагы 340 граммды түзгөн жапайы кендир жыттанган өсүмдүк, божомолдуу марихуана далил зат катары алынган. Аталган факты Тоң РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ал эми алынган баңги заты кайсыл түргө кирерин аныктоо максатында соттук-химиялык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүгө баш коргоо чарасы кабыл алынат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2020-02-12 13:17:14
Ушундай чач койгон чала молдо дин бузарларды штраф салып чачы менен сакалына налог салыш керек!
+2
Aikaaaa
2020-02-12 21:20:47
Союлдай болуп бою узун неме го, сапсайган кейпиң менен, жүрөктү айлантышат ушулар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан