Бишкекте "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү кармалды. Ал интернет аркылуу үгүт иштерин жүргүзүп жаткан дейт УКМКнын маалымат кызматынан.
"Кыргыз өлкөсүндө тыюу салынган диний агымдын Ж.А. аттуу мүчөсү "Хизбут-Тахрир" диний экстремисттик агымынын материалдарын, идеологияларын интернет аркылуу жайылтып жүргөн. Материалдар анын жашаган жерин кароо учурунда табылган.
Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган жаран СИЗО-1ге киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Жогорку Соттун 2003-жылдагы токтомуна ылайык, "Хизбут-Тахрир" уюму экстремисттик деп табылып, Кыргыз өлкөсүндө бул агымды жайылтууга тыюу салынган.