Клип үчүн атайын тиктирген көйнөгүн айрыган Айгерим Расул кызынын клиби "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Айгерим Расул кызынын "Тумарым" клиби кошулду. Атасынын чыгармасын жаңылап ырдап чыккан ырчы клипке Оштон келе калып эле тартылганын айтат.

"Оштон келерим менен клипти тартканбыз. Бийди деле ошол жерден үйрөндүм. Кийген кийимдеримди атайын тиктиргем, бир көйнөгүм башкача тигилип калыптыр. Ошол жерден көйнөктүн бир капталын айрып, окшоштуруп алдым", - дейт ал.

5-ФЕВРАЛДАН 12-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Добрдын "Эр жигиттер" аталышындагы чыгармасы жайгашты.

8-орунду - Айдана Деканын "Сезим менен" видеоклиби камсыздады.

7-орун - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клибине буюрду.

6-орунду - Айпери Кулбаеванын "Ата" видеоклиби багындырды.

5-орун - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясына буюрду.

4-орунду - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" чыгармасы ээледи.

3-орунга - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби жайгашып, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Үмүтай Абдышованын "Жүрөктө сүйүү боздойт" чыгармасы ээледи.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айганыш Абдиеванын "Өтөр, кетер" клиби эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан