Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков айтылуу комузчу Нурак Абдырахмановдун "Бул дүйнө" аттуу ырын жакында элге тартууламакчы. Жаңы ыры тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Нурак атанын уул-кызы да музыкант экен. Ырды жаздырып жатканда келип сөзү, обону кандай ырдалып жатканын карап, кеңештерин беришти. Атабыз кетер алдында ырдын бир-эки сөзүн өзгөртүп койгон экен. "Кана достор, ырдайлы" деген жерин "Алды-аркысын ылгайлы", "Эркин ойлоп жыргайлы" деген жерин "Эркин дүйнө турбайбы" деп мурункудан да терең сөздөрдү кошкон экен. Кызы атамдын өз колу менен жазылган версиясы деп Нурак атанын колуна жазылган кагазды берди. Бул ырдын акыркы версиясын мен үчүн жараткан окшойт деп ойлоп калдым. Азырынча ырдын бүтө элек демо версиясын жарыяладым. Дагы үстүнөн иштеп чыгып, жакында толук версиясын чыгарабыз", - дейт Мирбек мырза.
Эске салсак, Мирбек Атабеков буга чейин Нурак Абдырахмановдун "Аппак сүйүү" аттуу ырын кавер аткарган. "Мындан ары да эски ыр болобу, жаңыбы кавер аткарып, чыгарып турайын деп ойлоп жатам. Себеби комуздун үнүн жактырып, комуздун коштоосунда ырларды уккусу келгендер көп экен" деп кыскача маек берген.