Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Ташкентте өтүп жаткан оор атлетика боюнча "International Solidarity Championships" эл аралык турниринде алтын медаль утту.
Бекдөөлөт Расулбеков бул турнирге 96 килограмм салмак ченинде катышып, жалпы 375 килограмм көтөрүп алтын байгеге ээ болду.
Эске салсак, Бекдөөлөт Расулбеков 1-5-февраль күндөрү Иранда өткөн эл аралык турнирде да алтын байгеге ээ болгон.