"Кыздын көзүнө жаш агызуучу зат чачып, тоноп кеткен". Кылмышка шектүү кармалды

Көчөдөн кыздын көзүнө жаш агызуучу зат чачып, тоноп кеткен деген шек менен кебетеси европалык болгон жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"2020-жылдын 10-февралында болжол менен саат 23:30 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө тоноо тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда, 1994-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз арызданган. Анда Салиева жана Будённый көчөлөрүнүн кесилишинен кебетеси европалык болгон жаран бетине жаш агызуучу затты чачып, уюлдук телефонун жана 5220 сом акчасын алып качып кеткен. Көрүлгөн ыкчам чаралардын негизинде шектүү катары 1983-жылы туулган Б.О. аттуу жаран кармалып, Свердлов РИИБине өткөрүлүп берилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 201-берене (тоноо) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2020-02-13 00:23:28
10 жыл турмого отургузуш керек
+1
Jannat.dm
2020-02-13 01:46:14
Kuban-1207, бул ахмакка 10жылда аздык кылат
+1
kuttubekuzgen
2020-02-13 01:33:20
Бактылууго озунчо.
0
Adil18
2020-02-13 10:35:08
Женил акча табуу учун адамдын тагдыры менен ойногон акмакты 25-жыл камакта калтыруу керек.
Кок мээ соттор эле 2-3 жылдан кийин акча менен чыгарып жибербесе эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан