Аламүдүн районундагы эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 12-февралда Аламүдүн районунун Аламүдүн айылынын Курманжан-Датка көчөсүнүн №42 дарегинде жайгашкан эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт саат 19:15те чектөөгө алынган. Куткаруучулар өрттүн жайылып кетүүсүнө жол беришкен жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта.