UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко эми 6 ай беттештерге катыша албайт. Бул тууралуу маалымат булактарында жазылууда.
Ага ылайык, Шевченко дарыгерлердин чечими менен мелдештерден убактылуу четтетилди. 9-февраль күнү АКШнын Хьюстон шаарында UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянга каршы беттешип, 3-раундда техникалык нокаут менен жеңип алган.
Бул беттештин жыйынтыгы менен Техас штатынын лицензиялык көзөмөл департаменти дарыгерлердин чечимине ылайык Шевченкону убактылуу беттештерден четтетти. Анын атаандашы Кэтлин Чукагян 46 күнгө четтетилсе, Жон Жонс менен Доминик Рейес 1 айга убактылуу беттештерге катыша албайт.