Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 21 жаштагы аял киши менен 35 жаштагы эркек бири-бирине бычак сайып жиберишкен. Учурда 1984-жылы туулган шектүү эки айга камакка алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Шектүү учурда атайын палатада дарыланууда. Аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Дарылануусу аяктаган соң ал убактылуу кармоочу жайга киргизилет", - деп билдиришти милициядан.
Окуянын чоо-жайы:
Кырсык тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө 7-февраль күнү болжол менен саат 10:00 чамасында "Тез жардам" кызматы тарабынан келип түшкөн. Анда Сузак районунун аймагында жайгашкан мейманканалардын биринде эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, денелеринен жаракат алышкандыгы маалымдалган. Сузак РИИБинин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда эркек менен аял киши бири-бирин бычактап, эс-учун жоготкон абалда жаткандыгы аныкталган. Алар "Тез жардам" менен райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун 1984-жылы туулган тургуну Д.М. мейманканага 21 жаштагы айым менен келген. Ал мейманкананын администраторуна кызды аялым деп тааныштырган.