Жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатып, тайгаланып унаанын астына кирип кетти

Бүгүн, 13-февралда 7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчү жолдон өтүп бара жатып, тайгаланып унаанын астына кирип кетти. Бактыга жараша жөө жүргүнчү жаракат алган эмес. Бул тууралуу Патрулдук милициядан билдиришти.

Кырсык саат 12:30 чамасында болгон. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаанын 35 жаштагы айдоочусу 7-апрель көчөсү менен түндүктү карай бара жатканда катталган. Анда жөө жүргүнчү тайгаланып кетип, унаанын астына кирип кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" келген бирок жөө жүргүнчү абалы жакшы экенин айтып, жардам алган эмес.

Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан