Бишкек шаарында 18-февралдан 5-мартка чейин спорттук базаларда "Тамекисиз спорт" ураанынын алдында "Ден соолук" аталышындагы спартакиада өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
«Ден соолук» спартакиадасы билим берүү системинин билим берүү мекемелеринин арасында дене тарбия жана спортту жайылтуу, жогорку окуу жайларынын жана кесиптик билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин дене тарбия жана спортко тартуу максатында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, "Ден соолук" спартакиадасы өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт. Аталган дирекциянын бюджетинен иш-чараны өткөрүүгө жалпы 163 миң сом каралган.
Спартакиаданын программасында төмөнкү спорттун түрлөрү бекитилген:
1. Стритбол
2. Кичи футбол
3. Тогуз коргоол
4. Стол тенниси
5. Шахмат
6. Волейбол