ЭЛДИК КАБАР: Окурман Лейлектеги айылдык кеңештин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин кармалышы боюнча оюн айтты

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев чагымчыл, провокаторлордун курмандыгы болуп кармалды", - деп кайрылды.

"Лейлек районунун Катраң айылынын айылдык кеңешинин жана "Чек ара" коомдук бирикмесинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев 13-февралдан бери убактылуу кармоочу жайда. Ал учурда Исфана шаарында, бул иш чагымчыл, провокаторлордун иши. Бөрүбаевди тез арада бошотуп бербесе эл кыжырданып, радикалдуу кадамдарга барышы мүмкүн. Ал жигит Кыргыз-Тажик чек ара маселесинде да бийликтин кетирген катачылыгын таап, элге пайдасы гана тийип келген.

Аны кармалышынын дагы бир себеби, айылдагы алтын кенге да байланыштуу. Анткени Сапарали Бөрүбаев кендин казылышына каршы чыккан. 12-февралда жергиликтүү депутаттар чогулуп, айыл өкмөттө сессия болуп өткөн. Ал жерде кенди иштетүүчү компания тарабынан 21 миллион сом бөлүнө турган болгон. Эгер ошол акчаны айыл өкмөтү иштетсе, анда кенди иштетүүгө макул болду дегенди түшүндүрмөк. Ал учурда Бөрүбаев ага каршы туруп, "бизге ал акчанын кереги жок, биз кенди иштетпейбиз, бизге таза суу, таза жаратылыш керек" деп каршы чыккан. Ошондо дагы бир депутат менен пикир келишпестик болуп уруша кетишкен, бирок мушташкан эмес. Ага карабай Бөрүбаев менен уруша кеткен адам ооруканага жатып алды. Кенди бийлик иштетебиз деп жатат, эл болсо ага каршы. Себеби алтындан кымбат Козубаглан дарыябыз бар. Кен болсо суунун үстүндө жайгашкан, эгерде кен иштеп калса суу булганып, эл ууланат", - деп билдирди окурман.

SUPER.KG порталы бул боюнча тишелүү башка тараптардын да пикирин угуп, жазууга даяр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-02-14 17:15:11
Мадумаров вице премьер болору менен буйрук берген экен да анда тез камагыла деп
+5
katerina.li
2020-02-15 11:46:39
Качан жарыласынар тоюп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан