Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1дин тергөө абагынан ишкерлерге кайрылуу жасады. Анда ал бизнести коргоо үчүн оболу ага ылайыктуу мыйзамдар, көз карандысыз парламент жана адилеттүү сот системи зарыл болуп жатканын белгилеген.
"Акыры президент Сооронбай Жээнбеков түрмөлөр толуп калганын түшүндү. Ал дагы көбүнчөсү бизнестин өкүлдөрүнүн эсебинен. Бирок Сооронбай Жээнбеков бийлик жана күч структуралары бизнести "талкалап" жатканда Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы кандай туңгуюкка кептелгенин көрдү деп ишенимдүү айта албайм. Биздин күч органдарыбыз болсо башкача ыкмада иштей алышпайт. Ошондуктан президенттин кечээги бизнести коргоо боюнча айткан сөздөрү сөз боюнча эле каларын билип турам", - деген ал.
Ошондой эле саясатчы эл 30 жылда 5 президентти, 30 премьер-министрди, 17 спикер, парламенттин 6 чакырылышын көргөнүн эсептеп жазган.
"Алардын баары эле экономикалык өсүш, мыкты инвестициялык климат, бизнести колдоо, иш орундарын түзүү, менчикти коргоо жана реформалар жөнүндө айтып келишти. Жээнбеков деле ошолор сыяктуу салыктык жеңилдиктер, бизнести колдоо, текшерүүлөргө мораторий киргизүү жана ошол эле соттук реформалар жөнүндө айтып келе жатат.
Бирок реалдуу турмушту 30 жылдан кийин деле дүйнөдөгү экономикасы эң артта калган, капитал чыгып кеткен, жумушсуздар көп болгон, менчиктер корголбогон, эффективдүүлүгү жок мамлекеттик башкаруу болгон жерде жашап жатабыз. Биз толугу менен коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнө атаандаштык жаатта жеңилдик.
Эгерде инвестициялык чөйрөдө атаандаштыкты жараткыбыз келсе бизнес өкүлдөрүнө президенттин кооз сөздөрүн күтүп отура бербей, саясий радикалдык реформалар үчүн күрөшүүгө туура келет. Муну бардык бизнес өкүлдөрү түшүнүшү керек деп ойлойм.
Сиздер заманбап жашоодо өлкөнү жеке эле бир адамдын башкаруусу мүмкүн эмес экендигин түшүнүшүңүздөр керек. Эң оболу мамлекеттик башкарууну реформалоо зарыл. Баарыбыз канткенде өлкөдө менчикти, келишимдик укукту жана милдеттерди коргогон адилеттүү сот системин түзө алабыз деп ойлонушубуз керек.
Биз баарыбыз прогрессивдүү мыйзамдарды кабыл алган жана улуттук бизнести коргогон көз карандысыз парламентти канткенде түзө алабыз деп ойлонушубуз керек", - деп жазылат кайрылууда.
Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча кармалган. Ал учурда 7 берене менен айыпталууда. Анын арасында "барымтага алуу", "массалык баш аламандыкты уюштуруу", "бийликти мыйзамсыз басып алууга аракет жасоо" беренелери бар. Анын бөгөт коюу чарасы 9-апрелге чейин узартылган.