"Жубайлар шоу": Жеңишке жеткен бактылуу жубайлар аныкталып, белектерге ээ болушту

14-февраль - Сүйүшкөндөр күнүнө карата "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER.TV каналы биргеликте уюштурган "Жубайлар шоу" долбоору ырчылар Съездбек Искеналиев, Ильяз Абдыразаков, Айганыш Абдиева, Турдакун Ниязалиев, Мурат Нимат, Айгерим Эшим, Алмаз Шаадаев жана башкалардын концерттик программасы менен коштолду. Сынактын жыйынтыгында топтогон упайына жараша жеңүүчүлөр аныкталып, белектер берилди.

1-орун. Манас Эсенгелдиев жана жубайы Ширин Кадыралиева жеңип, аларга "Sheraton" мейманканасынан 2 кишилик кечки тамактанууга сертификат ыйгарылды.

2-орунга Замир Рустам уулу жана Бермет Чыналиева татып, "Sheraton" мейманканасынын ичиндеги "Shine SPA" борборуна сертификатка ээ болушту.

2-орун. Медетхан Шеримкулов жана Айдана Мамадалиева. "Sheraton" мейманканасынын ичиндеги "Shine SPA" борборуна сертификат.

3-орунга Аскар Дүйшөнбеков жана жубайы Айгерим Ишенова татып, бренд кийимдер дүкөнүнөн сертификатка ээ болушту.

3-орунга Санжар Дамир уулу жана Альбина Абдыкасымова татып, бренд кийимдер дүкөнүнөн сертификатка ээ болушту.

Жубайлар шоу. Алмаз Шаадаев сахнада алып баруучуга сүйүүсүн арнады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirlan27011987
2020-02-14 19:24:43
Азаматтар экенсинер. Ушул сыяктуу маданий, искуство иш чараларын кобуроок уюштуруп турса жакшы болмок. Жаштарды билимге, маданий, искуство иш чараларга чакырам. Болбосо жаштар динге обу жок берилип, жалган диний уюмдарга кирип алышып, сокур фанатизмдин торунан чыга албай жатышат.
-1
Belek1710
2020-02-15 01:30:40
Медеткан Шеримкулов көрүнбөйт го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан