"Манчестер Сити" футболдук клубу Европадагы беделдүү мелдештерден эки жылга четтетилди

Англиянын "Манчестер Сити" клубу Европадагы эң беделдүү мелдештерден Чемпиондор Лигасы жана Европа Лигасынан эки жылга четтетилип, 30 миллион евро айып пул төлөйт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Мындай чечимди УЕФА уюму кабыл алган. "Манчестер Сити" командасы 2012-2016-жылдары УЕФАнын каржы уюму көрсөткөн суммадан да баасын жогорулатып демөөрчүлөр менен иштешкени аныкталган.

Бул маселени УЕФА уюму карап чыгып, "Манчестер Сити" командасын 2 жылга мелдештерден четтеткен. Бул чечим кийинки сезондон баштап күчүнө кирет.

Маалыматка ылайык, "Манчестер Сити" клубу быйылкы сезондо Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалында "Реал Мадрид" (Испания) командасы менен 27-февралда конокто ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Eden-Hazard
2020-02-15 10:52:04
Супер инфо, Кыргыз балбандары Россияда өтүүчү эл аралык турнирге барат деп жатат эле, результаты жазасыздарбы ?
-1
Dembele84
2020-02-15 12:53:23
Самый главный февралда Реал менен ойносо болду,кийинки сезондон четтетилсе эч нерсе эмес.Копчулук куткон Ман Сити-Реал оюну болсо болду 1/8финалда
+3
murat17
2020-02-15 13:13:25
бирок чындыкты айтуу керек арабдарга чон кысым коргозуп жатат 15 жыл мурда Манчестер сити топ 10 дука кире албаган команда эле арабдардын акчасынын кучу менен бул команда ийгилике жетти буга бир мисал мындан 8-9 жыл мурда испанияда Малага деген команда чыккан ал дагы арабдардыкы эле белгилуу иско ошол командада атагы чыккан кийин ал команданы дагы 3 жылга четтетишти азыр ал команда почти жок болоюн деп калган окунучтуу эми Ман сити дагы ошондой абалга тушушу мумкун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан