2019-жылдын 17-декабрь күнү Бишкек шаарындагы №95 мектептин башталгыч классынын мугалими Гүлфиза Мамытбекова менен окуучунун апасы Шахзада Авсаматованын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Кийинчерээк аталган окуяны чагылдырган чакан видео социалдык тармактарга тарап, окуянын чоо-жайы айтылган.
Чырды чагылдырган видео тарап кеткенине байланыштуу окуучунун апасы Шахзада Авсаматова бир тараптуу каралоого кабылганын айтып, кайрылган болчу.
Кечээ, 14-февралда аталган окуя боюнча сот чечим чыгарды. Анда Шахзада Авсаматовага 30 миң сом айып салынды. Чечимди Ленин райондук соту чыгарды. Бул тууралуу Шахзада Авсаматова SUPER.KG порталына билдирди.