Оштун "Алай" футболдук клубу жаңы сезонго карата окуу-машыгуу жыйындарын өтүү үчүн бүгүн, 16-февралда Түркияга учуп кетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына клубдун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Алай клубу жаңы сезонго карата окуу-машыгуу жыйындарын өтүү үчүн Түркияга Бишкек-Стамбул-Анталья багыты боюнча учуп кетишти. Окуу-машыгуу жыйындары Анталья шаарында 1-мартка чейин болот. Бул машыгуу жыйынына клубдун директору Алмаз Сулайманов, башкы машыктыруучу, бир дарыгер жана 17 футболчу учуп кетишти. Түркиядан "Алайга" Бразилиядан, Сербиядан жана Украинадан келген 3 футболчу кошулат", - деп билдирди басма сөз катчы.