Бишкекте Пакистандын 3 жаранын бычак менен коркутуп, карактап кетишкен. Кылмышка шектүүлөр кармалганын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя 26-январда Чыгыш-5 кичи районунда саат 16:20 чамасында орун алган. Анда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин лифтинде белгисиз жарандар пакистандыктарды бычак менен коркутуп, 2 миң 500 сом жана Самсунг, Айфон үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене (каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Свердлов РИИБинин кызматкерлери шектүү делинген 1987-жылы туулган К.С. жана 1998-жылы туулган И.Т. аттуу жарандарды кармашкан. Свердлов райондук соту кармалган жарандарды СИЗО-1ге киргизүү чечимин чыгарды", - деп айтылат маалыматта.