Кечээ, 16-февралда Бишкектеги чыгармачыл чөйрөдөн көк бөрү оюну боюнча чогулган "Маданият" командасы Таластан чогулган команда менен беттеш өткөрдү. Оюн тууралуу ырчы Өктөм Сапар уулу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтты.
"Маданият" командасынын уюшулганына 1 жыл болуп калды. Тез-тез чогулуп, кезектешип ар бирибиз бирден улак чыгарып, көк бөрү ойноп турабыз. Быйыл өзүбүз эле ойной бербей, башка аймактагыларды да оюнга тарталы деп февраль айынын башында Таластын командасын Бишкекке чакырып, достук беттеш өткөргөнбүз. Анда 4:1 эсебинде утканбыз. Кечээ өзүбүз Таласка барып, Райкан Алканов атындагы ипподромдо Таластан чыккан кесиптештер менен таймашып, 4:5 упайда утулуп келдик. Биздин команданы Мамлекеттик цирктин жетекчиси Фархад Бекмамбетов жетектейт. Командада ырчылар Токтобек Асаналиев, Чыңгыз Мырзаев, Рустам Сагыналиев, Мелис Абдрашитов, төкмө акын Аалы Туткучев, актёр Эржан Осмонов жана башкалар бар. Мындан кийин да Кыргыз өлкөсүнүн бардык облусундагы чыгармачыл топ менен кыргыздын эзелтен бери келе жаткан улуттук оюнун улантып, беттеш өткөрүп турсак деген пландарыбыз бар", - дейт ырчы мырза.