Тажик басылмалары "Эгерде тарыхты каза келсек, мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталышта макала жарыялап, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат" деп айткан. Буга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттин элчисин чакырып, жолугушууда кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатканын билдирди.
SUPER.KG порталы "Тажик генералынын сөзүнө карата расмий Бишкектин реакциясына кандай баа бересиз?" деген собол салды.
Экс-министр Нурланбек Шакиев тажик генералынын айткандары абдан жоопкерчиликсиз жана чагымчыл мүнөздү камтый турганын айтты. "Биздин Тышкы иштер министрлиги өз убагында тиешелүү жообун берди.
Андыктан ар кимибиз эле ар кандай ой-пикир, талкууларды, бир беткей жоопторду айта берүүдөн карманып, этият болгонубуз дурус. Арийне, оболу биз өзүбүздө ошол сыяктуу жагдайларга өңүт бербешибиз үчүн зарыл иш-чараларды жасашыбыз абзел. Өлкөбүздүн түндүк-түштүгүндө бүтүндөй жер суунун аталыштарын толук кыргызча атоого тийишпиз. Маселен, түштүктө тажикче, өзбекче аталыштагы бир нече жерлерибиз бар. Түндүктө болсо көптөгөн айыл-кыштактарыбыз орусча аталышта. Ошондон улам кийин да ушул өңүттө ар кандай маселелер чыкпашы керек. Тажикстан беш, алты жыл мурун эле эзели бир тажик улуту жашабаган Мургаб, Жергетал өңдүү жалаң кыргыздар жашаган район, айыл-кыштактарын бүт тажикче аталышка өткөргөн. Башка кошуна өлкөлөрдө да баары мамлекеттик тилге которуп, атап коюшкан. Биз болсо буга олуттуу мамиле жасабай жүрөбүз.
Бүгүнкү өкмөт, Жогорку Кеңеш ушул маселени кечиктирилгис чара катары карашы зарыл", - дейт Шакиев.