Өспүрүмдү коркутуп, уюлдук телефону менен 3000 сом акчасын уурдап алган деген шек менен кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"13-январь күнү Т.А. аттуу жаран 28-декабрь күнү 2004-жылы туулган А.К. аттуу уулуна саат 21:00 чамасында Ак-Тилек жаңы конушунда белгисиз бирөө күч колдонуп, уюлдук телефону менен 3000 сомун тартып алганын билдирип, арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (уурулук) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында уурулукка шектелип, 1994-жылы туулган Б.Д. кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин СИЗОсуна киргизилген. Кылмышка шектүүнүн башка да кылмыштарга тийиштиги бар же жогу аныкталууда", - деп жазылат маалыматта.